Жылнаама, 19-январь: Мындан 365 жыл мурун Канадада 16 жашар кыз уурулук үчүн айыпталып, өлүм жазасына тартылган

*Эне-сайлык кыргыздар менен сибирдеги орус аскерлери арасындагы мамиле 17-кылымдын башталышында кыйла оңолуп, андан ары алар соода-сатык алакага аралашкан. Анткен менен орус аскер башчылары кыргыздарга кысым көрсөтүү жана албан алуу максатында кыргыз жергесинен казакстандык  орустарды мындан 405-жыл мурун, 1609-жылы жиберишкен.
Кыргыз урууларынын улугу Номча орустарга албан менен кошо аялын барымтага карматып, калган албанды кийин төлөөгө убада берген. Эне-сайлык кыргыздардын калган уруу башчылары - Көчебай, Ноян жана Кашкалар орустарга албан бермек түгүл, аскерлерди сабап, аларды камакка алып, ачка кармашкан.
*Мындан 365 жыл мурун 1649-жылы Канадада 16 жашар кыз уурулук үчүн айыпталып, өлкөдө биринчи жолу өлүм өкүмү чыгарылган.
*Мындан 7 жыл мурун 2007-жылы Мурат Насыров баңгизаттын күчүнөн улам Москвадагы өзү турган үйдүн бешинчи кабатынан секирип, көз жумган. Ырчы өлүм алдында ага Кудайлар келгенин жана алар менен кеткени жатканы тууралуу айткан. Ошол күнү алыскы жолго узап жаткандай, балдарын уктап жаткан жеринен ойготуп коштошкон экен. Белгилүү композитор катары таанылган Мурат Насыров 1969-жылы 13-декабрда Алматы шаарында төрөлгөн. Улуту уйгур ырчынын атасы учурунда такси айдап үй-бүлөсүн баккан, апасы фабрикада жумушчу болуп иштеген. Мурат беш бир туугандын кичүүсү болгондуктан, абдан эрке өскөн. Үй-бүлөнүн көңүл борборунда өскөн болочок ырчы Москвага келгенде бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Аскерде кызмат өтөгөн досу менен “Новый порт” деген рок-тобун түзүшүп, алгач чакан кечелерде ырдап чыга башташат. Мурат “Ялта-91” конкурсуна катышып, баш байгени утуп алган соң чыгармачылыкта жолу ачылат. Көп узабай ал “А-Студио” тобу менен таанышып, Мурат Насыровдун казак жердештери ага болгон жардамдарын көрсөтүшөт. “Мальчик хочет в Тамбов” деген ыры анын атын чыгарат. “Кто-то простит” аттуу альбому, “Лия” деген ыры менен популярдуулукка жетишип, ырчы орус шоу дүйнө­сүн­дө өз ордун тапкан. Мурат Насыров чыгармачылык жашоосунда өз тилинде, тагыраак айтканда, уйгур тилинде альбом чыгарууга да жетишкен. 
 
 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан