Бишкекте жер алууга кезекте турган 10 миңдей адам тизмеден чыгарылганын Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашов билдирди

"2010-жылдан бери Бишкек шаарынын аймагында бир да участок мыйзамсыз жол менен берилген жок". Мындай пикирди 17-декабрда ЖКда Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашов билдирди. Вице-мэр шаар аймагындагы мыйзамсыз курулган бир катар жеке менчик турак жайларды бузуу маселеси каралып жатканын да айтты. "Мэрия тарабынан жер алуу үчүн кезекте турган 10 миңге жакын адамды кезекте тургандардын катарынан чыгардык. Анткени алардын шаардын башка жерлеринде да жер үлүштөрү бар экен" деди вице-мэр. Анын айтымында, учурда Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштардын саны 48ге жетти. Депутат Эсенгул Исаков сейил бактардын аймагына, жаңы конуштарга мыйзамсыз үй куруп алган депутат, министрлердин үйүн да сүрдүрүп, бузуу сунушун айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан