Бүгүн, 29-январда маалымат жыйынында ЛГБТ (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер уюму) уюмунун активисти Дастан “бизге карата зордук-зомбулук көрсөтүлүүдө” деп билдирди.
Анын айтымында, гейлерге милиция кызматкерлери тарабынан ар дайым зомбулук көрсөтүлүп келет. Кээ бирлерин үйдөн да чыгарып салышат. "Биз көппүз. Милицияга кайрылсак биздин арызды карабай, ошол жакта да зордуктап салышат. Ушунун баарын айтууга коркунучтуу болууда”,- деди Дастан.