Кыргызстандын 4 облусундагы 40 гей жана бисексуалдан алынган маектин негизинде баяндама басылып чыкты

“Кыргызстандагы милиция тарабынан гей жана бисексуал эркектерге каршы зомбулук” аталышындагы 72 беттик баяндама басылып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда маалымат жыйынында ЛГБТнын (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) укуктары боюнча изилдөөчүсү Анна Кирей билдирди.

Анын айтымында, аталган баяндама Кыргызстандын 4 облусунда жашаган 40 гей жана бисексуал эркектерден алынган толук маектердин негизинде жазылган. Анда гей жана бисексуал эркектер милиция кызматкерлеринин колунда дене, жыныстык жана психологиялык зомбулукка алынгандары чагылдырылган.

"Кыргызстандагы гей жана бисексуал эркектер коркунучта жашашат. Ал коркунуч коомдо тараган гомофобиялык көңүл менен байланышкан жана алардын оор жагдайын милиция кызматкерлери начарлатышат", - деди ал.

Ал эми баяндамада "эки эркектин ортосунда алардын өз ара макулдугу менен болгон жыныстык мамиле мыйзамдык түрдө тыюудан 1998-жылы алынганына карабастан милиция кызматкерлери гей жана бисексуал эркектерди зомбулукка, опузалоого алып келет" деп белгиленет.

Ошондой эле Анна Кирей өкмөт тарабынан болуп жаткан зомбулуктар боюнча териштирүүгө алынып, милиция кызматкерлери тарабынан жасалган зомбулук жөнүндөгү арыздар жашыруун түрдө бериле турган механизм түзүлүшү керектигин кошумчалады.

"Ооба, мен геймин, ата-энем билет"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан