Жалал-Абад. Энелер Камчыбек Ташиевди бошотуу талабы менен өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту

17-декабрь күнү Жалал-Абад облустук администрациясына ЖКнын депутаты Камчыбек Ташиевдин жактоочулары чогулуп, алар өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматов менен жолугушту. Жолугушууга келген 40тай эне Камчыбек Ташиевдин күнөөсү жок экендигин айтып, аны Жаңы жылга чейин бошотуу суранычын билдиришти. Ал эми Жусубали Төрөмаматов андагы айтылган сөздөрдүн баарын кат түрүндө тийиштүү жерлерге жеткирүүгө көмөктөшө турганын айтты. Ошондой эле энелер камактагы 3 депутатты бошотуу өтүнүчү менен президент Алмазбек Атамбаевге, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбековго, баш прокурор Аида Саляновага жана Жогорку Соттун атына кайрылуу жөнөтүшкөнү белгилүү болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан