Жылнаама, 1-февраль: Мындан 107 жыл мурун алайлык кыргыздардын канышасы Курманжан датка каза болгон

* Мындан 107 жыл мурун 1907-жылы алайлык кыргыздардын канышасы Курманжан датка каза болгон. Анын сөөгү Оштогу Сары-Мазарга коюлган. Курманжан датка 1811-жылы Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулган. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон.

* 1926-жылы, мындан 88 жыл мурун Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы уюшулган. СССР Бүткүл союздук борбордук Аткаруу комитетинин кабыл алган токтомуна ылайык, Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы уюшулган.  

83 жыл мурун, 1931-жылы Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин туулган. Ал Сибирдеги алыскы айылдардын биринде туулуп-өскөн. Орусиянын алгачкы президенти ден соолугу кескин начарлап кетип, 76 жаш курагында 2007-жылы 23-апрель күнү дүйнө салган.

 

 

*1989-жылы, мындан 25 жыл мурун ырчы Данияр Эрматов туулган. “Токто, жаным” деген ыры менен таанылган ырчы Данияр Эрматов Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Оштогу Кыргыз-Кытай гуманитардык институтунун бажы бөлүмүнө тапшырган. Данияр Эрматовдун репертуарындагы ырлары "Жалгызым", "Жүрөгүм", "Неге?" ж.б. Ырчылыктан сырткары тасмаларга продюсерлик кылуу, актёрлук менен да алек. "Салам, Бишкек!" аттуу тасмасынын продюсери болсо, "Салам, Бишкек!-2" тасмасында роль жараткан. 

Жылнаама толугу менен бул жерде...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан