Ош облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган М.К. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалып, андан 1 килограмм 5 грамм гашиш табылган. Ал баңгизатты 1993-жылы туулган М.С. аттуу жарандан алганын айткан. Анын көрсөтмөсүнүн негизинде шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 324 грамм гашиш жана 137 грамм апийим табылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.