Бүгүн, 5-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2014-жылга бөлүнүүчү бюджетти карап жатышат. "Улуттар биримдиги" фракциясынан депутат Бактыгүл Темирова "эстакадалык көпүрөгө бөлүнгөн 40 миллион сом каражат жетишсиз" деп билдирди.
"Менин колумда эстакадалык көпүрөнүн бюджети тууралуу маалымат турат. Бул жерде көрсөтүлгөн 40 миллион сом өтө эле аз. Азыр элдин талабына ылайык көпүрөнү тез арада бүтүрүү зарыл. Бул багытта 150-200 миллион сом бөлүү керек эле",- деди Темирова.