Ырчы KG Эльмурат автоунаасын жаңыртып, Mercedes үлгүсүндөгү темир тулпар алды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
“Бул менин үчүнчү автоунаам. 1996-жылы чыккан Mercedes үлгүсүндөгү унаа”,- дейт ырчы. Анын айтымында, ал буга чейин Toyota жана Nissan үлгүсүндөгү унааларды айдаган. Андан тышкары чыгармачылыгын өркүндөтүү үчүн Ош шаарынан Бишкекке көчүп келгенин кошумчалады.