Жылнаама, 11-февраль: Мындан 33 жыл мурун эстрада ырчысы Урмат Усенов туулган

Мындан 33 жыл мурун, 1981-жылы эстрада ырчысы Урмат Усенов туулган. Урмат Усенов "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2006-жылы "Жылдын имиджи" деп табылса, 2008-жылы "супер ырчы мырза” наамын алган. Ал эми 2012-жылы "Супер-Инфо" гезити жубайы, ырчы Неля экөөнө "Сахнанын кош жылдызы" наамын ыйгарган. Ошондой эле 2008-жылы Маданият министрлиги тарабынан Урмат Усеновго “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги берилген.

  

* 22 жыл мурун, 1992-жылы америкалык актёр Тэйлор Даниель Лотнер төрөлгөн. Апасы Дебора программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен алектенген компаниялардын биринде иштесе, атасы Даниэль учкуч болгон. Көпчүлүк чыгармачыл кесиптештеринен айырмаланып, ал келечекте актёр болууну кыялданган эмес. 6 жашынан “Фабиано” каратэ мектебине бара баштаган. Бир жылдык машыгуусунан соң каратэ боюнча өткөн мелдеште жеңүүчү болууга жетишип, ал тургай 7 жолку чемпион Майк Чаттын өзүнөн сабак алууга мүмкүнчүлүк алган. Каратэни мыкты өздөштүрүп, көп өтпөй каратэ боюнча эл аралык мелдеште өз өлкөсүнүн намысын талашып, өспүрүмдөр арасында курал менен өнөр көрсөтүүдө чемпион болуп, 3 алтын медаль жеңип алган.

Окутуучусу Майк Чат 8 жашар баланын актёрдук да жөндөмү бар экенин сезип, “уулуңар жарнамаларга тартылып, тасма жаатында өзүн сынап көрүшү керек” деп Тэйлордун ата-энесин көндүргөн. Кубануу менен колдогон ата-эне уулунун роль аткарууга кызыкдар болуп калганын байкап, актёрдук чеберчилигин өстүрүүгө шарт түзүп, Мичигандан Лос-Анжелеске биротоло көчүп барышат. 

Лос-Анжелести байырлаган жаш актёр ар бир майда ролдордон калган эмес. Ал 9 жашында алгачкы жолу “Менин жубайым жана балдарым” (“Моя жена и дети”), “Берни Мактын шоусу” (“Шоу Берни Мака”), “Дэнни-арбак” (“Дэнни-призрак”) аттуу сериал, телешоулорго тартылган. Жаш таланттын үнүн жагымдуу деп жактырышып, кадр артында мультфильмдерде үн коштотуп да коюшчу. Чоң тасмадагы дебюту 2001-жылы “Өлтүргүч көлөкө” (“Тень-убийца”) деп аталган фантастикалык телефильмде болгон. Мындан кийин телесериалдарга да байма-бай катыша баштаган. Чыныгы атактуулукту ал “Шаркбой менен Арстандардын жоруктары” (“Приключения Шаркбоя и Львы”) деп аталган балдарга арналган фантастикалык боевиктен соң багынткан. “Дүңүнөн арзан” (“Оптом дешевле”) аттуу ал тартылган комедия дүйнөлүк прокатка чыгып, 128 миллион доллар каражат алып келген. 

Жаш баланын шыгын продюсерлер да көз жаздымда калтырышкан эмес. 2008-жылы "Күүгүм" мистикалык тасмасына тартылууга сунуш алып, тасмада Жейктин образын жаратуу үчүн атайын машыгуудан өтөт. Анткени режиссёрдун талабы боюнча Жейкоб Блэк булчуңдуу жана күчтүү болушу керек эле. Режиссёрлор Тэйлордун чачын өстүрүп, күчтүү болуп чыга келишине ишенишпей, Жейкобдун ролуна башка да талапкерлерди сынап көрүшкөн. Анткен менен кыска убакыттын ичинде 13 килограммга толуп, тартуучу топту таң калтыра алган.

 

* 167 жыл мурун, 1847-жылы америкалык окумуштуу, ишкер Томас Эдисон туулган. Ал АКШда 1093 ачылышы үчүн патент алган. Улуу Британия, Франция жана Германия сыяктуу башка өлкөлөрдө да ар кыл ачылыштары үчүн 3 миңдей патент каттаткан. Анын ойлоп тапкыч аракеттеринин натыйжасында телеграф, телефон жана кино жабдуулары жакшыртылган. Электр шамдарынын эң алгачкы ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бирин сунуштаган. Ошондой эле Нью-Йоркто электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкананы негиздеген.

Электр кубатына негизделген туңгуч темир жол унаасын – электр арабасын ойлоп тапкан, электроника тармагын негиздеген, үн жазгыч аспап – фонографты ойлоп тапкан. Эдисондун сунушу менен телефон сүйлөшүү алдында “алло” деп айтуу салты киргизилген.

Томас Эдисон 1931-жылы 18-октябрда АКШнын Нью-Жерси штатында дүйнөдөн кайткан.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lusi2013
2014-02-10 22:43:38
кече эле жазгы жамгыр деп ырдап жургон урмат 33ко чыгыптыр да э,кут болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан