Каза болгон жарандын паспортун башка бирөөгө каттап берген кызматкерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ленин райондук паспорт-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн кызматкери 2013-жылдын жаз мезгилинде 2006-жылы каза болгон жарандын паспортун Өзбекстандын жаранына каттап берген. Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “документте атайын жалган маалыматтарды көрсөтүү менен КРнын жаранынын паспортун, КРнын жарандыгын мыйзамсыз берүү” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.