Президент Януковичтин Орусияны көздөй качканы айтылууда

Украинанын президенти Виктор Янукович 22-февраль күнү кечинде Орусияга учуп кеткенин орусиялык ММКлар жарыялашты. Айта кетсек, Янукович буга чейин Украина парламенти кабыл алган акыркы чечимдер мыйзамсыз экенин жана өлкөдөн эч жакка кетпей турганын түз эфир аркылуу билдирген эле. Президент бийликтен кетпей турганын да айткан. 

Жогорку Рада 22-февралда атайын токтом кабыл алып, аны менен президент Януковичти президенттик ыйгарым укуктан ажыратты. Ошону менен бирге президенттик шайлоону 25-майда өткөрүү белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан