Афиша, 25-февраль: Жаштар арасындагы бокс боюнча мелдеш башталат

Спорт Ордосу

25-февралда жаштар арасындагы бокс боюнча мелдеш башталат. Анда 1996-1997-жылдары туулган уландар күч сынашат.

Кыргыз улуттук университети

25-февралда саат 13:30да Ногоя университетинин презентациясы болот. Анда аталган окуу жайга тапшыруу шарттары айтылып, суроолорго жооп берилет.

Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейи

"Япон куурчактары" аттуу көргөзмө өтүүдө. Ал 14-мартка чейин уланат.

А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана (күн сайын тартуулануучу көргөзмөлөр)

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбековдун 120 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү.

Англиялык окумуштуу Чарльз Дарвиндин 205 жылдыгына карата көргөзмөгө окумуштуунун өмүр таржымалы, эволюция боюнча теориясы тууралуу материалдар коюлган.

СССРдин Эл артисти, бийчи Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдыгына карата көргөзмө.

Немец композитору, пианист, дирижёр Феликс Мендельсондун 205 жылдыгына карата көргөзмөдө анын чыгармалары, жазган ноталары коюлган.

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган “Манастын сырдуу дүйнөсү” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү орун алат.

“Кыргыз киносу” кинотеатры

Чоң зал

“Алдамчы Jackie” (комедия), 10:50.

“Талисман” (романтикалык комедия), 12:20, 16:30, 21:00.

“Көк салкын-2″ (комедия), 14:20, 18:40, 23:00.

Кичи зал

“Көк салкын-2″ (комедия), 11:10, 17:30. 

“Алдамчы Jackie” (комедия), 13:40, 20:00. 

“Талисман” (романтикалык комедия), 15:20, 22:00. 

Билеттин баасы 100 сомдон 150 сомго чейин болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан