*Мындан 64 жыл мурун Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев жарык дүйнөгө келген. Ат-Башы районунда жол кызматкеринин үй-бүлөсүндө чоңойгон. Акынга 2010-жылы III даражадагы Манас ордени жана 2012-жылы "Эки дөөнүн күрөшү" чыгармасы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык берилген.
*1954-жылы 26-февралда Түркия Республикасынын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган жарык дүйнөгө келген. Ал 2007-жылы шайлоочулардын 46,6 пайыз добушу менен өкмөт башчы болуп шайланган.*Мындан 7 жыл мурун Эл аралык “Манас” аэропортунун алдында президентти тейлөөчү “Эйр Манас” авиакомпаниясы негизделген. Анын жетекчилигине Эрик Акматов дайындалган.
*2013-жылдын бул күнү Египеттин Луксор шаарында аба шары өрттөнүп кеткен. Анда 19 киши каза болуп, 2 адам оор жаракат алган. Шар абада өрттөнүп, жерге кулап түшкөн. Каза болгондордун көпчүлүгү туристтер болушкан.