Депутаттар министр Сариевге “иштей албасаңыз кетиңиз” дешти

Парламенттин 26-февралдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев менен депутат Жылдыз Жолдошованын ортосунда пикир келишпестик чыкты. Жолдошова министрге иштей албаганын айтты. “Эл ачка, ундун баасы 1500 сом, шекердин баасы түштүктө 55 сом. Баткенге барсаңыз, андан да кымбат. Мыйыгыңыздан күлбөй, иштей албасаңыз кетиңиз”,- деди Жолдошова.  

Темир Сариев депутат жалган маалымат айтканын билдирип, “учурда шекердин баасы 42 сом” деди. Ошондой эле дыйкандарга жакшы шарттар түзүлүп жатканын айткан министр Жолдошованы дыйкандар менен жолугушуп көрүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан