“Боко Харам” радикал экстремисттердин Нигериянын түндүк-чыгышындагы чабуулунан 85тен ашуун адам каза тапты. Бул тууралуу 3-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Майдугури шаарындагы теракттан 43 адам набыт болду. 2 мүнөт айырмачылыкта болгон жардыруулар ишемби күнү кечинде катталган. Футбол көрүү үчүн келгендер аталган экстремисттик уюмдун курмандыгына айланышкан. Мындан сырткары Майдугури шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Майнок кыштагындагы баскынчылардын чабуулу 40тан ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Окуяга күбө болгондордун айтымында, террорчулар кыштакка кирип, адамдарга карата ок чыгара башташкан. Жыйынтыгында кыштактагы бардык үйлөр өрттөлгөн.