Майялардын урпактары: "21-декабрда акыр заман болбойт"

Мексиканын бийлиги акыр заман тууралуу билдирүү жасады, тактап айтсак, аталган өлкөнүн туристтик ведомствосунун өкүлдөрү майялар түзгөн жылнаамадагы 2012-жылдын 21-декабрынын маанисин чечмелеп беришти. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда америкалык Даллас Стар басылмасы жазып чыкты. Мексикалыктардын айтымында, жылнааманын түзүүчүлөрүнүн аталган күнү акыр заман эмес, бир доор аяктап, башка бир доордун башталышы болот деп айткысы келген. Айта кетсек, майялардын жазып кеткени боюнча 21-декабрь адамзаттын жашоосунда акыркы күн болмок. Дүйнөнүн 4 бурчунан тарап жаткан маалыматтарга таянсак, учурда майялар айткан акыр замандын белгилери жок. Күн өзгөчө кырдаалдарсыз, тынч өтүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан