Бишкекте милиция кызматкерлери түнкүсүн күчөтүлгөн режимде иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечимди Бишкек шаардык ИИББдин жетекчиси Мелис Турганбев кабыл алды. Чечимдин кабыл алышынын себеби кылмыштардын бетин тез ачып жана милиция кызматкерлеринин эффективдүү, оперативдүү иштөөсү менен түшүндүрүлөт. Учурда түнкү режимде иштөө үчүн 8 мобилдүү топ түзүлдү.