Орусияда балыкты кайра иштетүүчү ишканада иштөөдөн баш тарткан кыргызстандыктар мекенине жөнөтүлдү

Орусиянын Шикотан аралында жайгашкан балыкты кайра иштетүүчү ишканада иштөөдөн баш тарткан кыргыз жарандары КРнын Орусиядагы элчиликтин көмөгү менен мекенине жөнөтүлдү. Мындай маалыматты бизге аталган элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 17-декабрда кыргызстандыктар Сахалин аралындагы Корсаков портуна, андан ары Хабаровск шаарынын Ванино портуна жеткирилген. Хабаровсктон Новосибирскке чейин поездге отурушту. Новосибирсктен Бишкекке автобус менен келүүсү пландаштырылган. Кыргызстандыктардын жол киресин жумуш берүүчү компания көтөрүп, андан тышкары жолдо тамактануусу үчүн ар бир жаранга 5 000 рубль берилгендиги да маалым болду. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында КРнын Орусиядагы элчилигине 43 кыргыз жараны кайрылган. Кайрылууда алар Шикотан аралында жайгашкан “Рыбкомбинат Островной” ЖЧКсына тиешелүү балыкты кайра иштетүүчү ишканада эмгек шарттары убада кылынгандай болбогондуктан, мекенине кайтууга жардам берүүнү өтүнүшкөн. Кошумчалай кетсек, аталган ишканада 43 жарандан тышкары мурда келген 29 кыргыз жараны иштерин улантышууда. Алар эмгек шарттары канааттандырарлык экенин айтышып, 2013-жылдын апрелине чейин иштөө тилегин билдиришкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан