"Кумтөрдүн" сатылышы, Батукаевдин бошотулушу, премьердин мурдагы ишинде жоголгон миллиарддар, электр энергиясын кымбаттатуу аракеттери "ата мекенчилер" тарабынан Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттү отставкага кетирүүгө себепчи болду

Бүгүн “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициясынын курамынан чыкты. Муну менен өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Президент Алмазбек Атамбаев 3 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүү укугун фракциялардын бирине бериши керек.

Депутаттар тарабынан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди отставкага кетирүү маселеси буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн. Өкмөттү жетектеген бир жарым жыл ичинде премьерге карата бир нече олуттуу иштер боюнча сындар, нааразычылыктар болду. Алардын сап башында, албетте, “Кумтөр” маселеси турат. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары атүгүл "өкмөт башчы "Кумтөргө" адвокат болуп алды" деп айтууга чейин аргасыз болушкан. Парламенттеги кызуу талкуулар учурунда өкмөт башчы "акцияны бөлүштүрүүдө Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүүгө башка эл өкүлү милдеттенме алса, кызмат ордумду бошотуп берем" дегенге чейин барган. Деген менен бул маселеде Сатыбалдиевди көздөгөнүнө жетти десе болот, анткени Канада менен Кыргызстан биргелешкен ишкана түзүү чечимине келишип, үлүштөр 50*50 пайыз боюнча кабыл алынды.

Эл өкүлдөрүнүн, ошондой эле коомчулуктун көп бөлүгүнүн дагы өкмөт башчыга карата нааразычылыгынын катарында аталган маселенин алкагында чет элдик консультанттар менен кеңешүүдө республикалык бюджеттен сарпталган ири каражаттан баштап, Кыргызстандын үлүшүн 50 пайыздан жогору көбөйтө албаганы бар. 

Мындан сырткары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясын жетектеп турган кезиндеги мыйзам бузуулар, бир нече миллиард сомдун дайыны жок коротулганы айтылса, кримчөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаевдин абактан бошотулуусу да өкмөттү отставкага кетирүүгө себепкер болду.

Электр энергияга болгон бааны көтөрүү аракеттери, кыш мезгилинде мурда "өчүрүлбөйт" деп убада кылынганы менен, жарыктын байма-бай өчүрүлгөндүгү жана башкалар негизги себептер катары депутаттар тарабынан да айтылууда. 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан