Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагында 18-март күнү Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.
Майрамдык иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана Шарк айылдык округунун тургундары катышышты.
Салтанатта Сооронбай Жээнбеков катышуучуларды куттуктап: “Бүгүн көптөн бери күткөн, жадыраган жаз күнүндө жаңылануунун, ак тилектин, аруу ниеттин, ыйман менен ынтымактуулуктун белгиси болгон майрамды белгилеп жатабыз. Ата-бабаларыбыздын нускалуу каада-салттарына бай, кылымдардан кылымдарга уланып келе жаткан улуу Нооруз майрамында ар бириңиздердин үйүңүздөргө тынчтык, бакубатчылык каалайм”,- деди.
Нооруз майрамына карата Шарк айылдык аймагы тарабынан 30 боз үй тигилип, майрам жергиликтүү тургундар даярдаган концерттик программа менен коштолду.