"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алып баруучусу"
Нурзат Токтосунова эми Түркиянын ТРТ "Аваз" телеканалында алып баруучулукту аркалайт. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Нурзат айым
SUPER.KG порталына маалымдады.
Маалыматка ылайык, жакында эле Нурзат Токтосуновага аталган телеканалдан сунуш түшкөн. "3 айлык келишимдин негизинде, июль айына чейин Анкара шаарына, ТРТ "Аваз" телеканалына иштегени кетип жатам. Мурда аталган телеканалда иштеп калганыма байланыштуубу билбейм, айтор, мени тандашыптыр. Азырынча кайсы берүүнү алып барарым белгисиз. Менимче, 5 өлкөнүн ортосунда түзүлгөн "Телекөпүрөнү" жаңылап эфирге алып чыгат окшойбуз. Анткени башка 5 өлкөдөн да журналисттер чакырылыптыр.
Учурда "эфирге жалаң кыргыздын улуттук кийимдерин кийип чыгайын" деп формаларымды даярдап чуркап жүргөн кезим. Буюрса, Нооруз майрамын майрамдап алып, 24-мартта учуп кетем",- дейт Нурзат.