Жылнаама: 24-март, мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Кыргызстанда президент Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган

* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Кыргызстанда президент Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган. 2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор өтө ыплас өтүп, эл колдогон адамдар мамлекеттик машинанын арты менен четке сүрүлүп, депутаттык мандаттарынан ажыраган. Мындай адилетсиздикке күбө болгон карапайым калк түп-тамыры менен көтөрүлүп, ар бир региондордо нааразычылык акцияларын өткөрө баштаган. 24-март күнү өлкөнүн ар бир бурчунан чыккан эл толкуну Бишкекке чогулуп, президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. 
* Мындан 14 жыл мурун, 2000-жылы актёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадылов 68 жаш курагында каза болгон. 
Советбек Жумадылов 1932-жылы Түп районунун Арал айылында туулган. Пржевальскидеги (азыркы Каракол) педагогикалык окуу жайын, А.Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театралдык институтун бүтүргөн. 1953-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти болуп иштеп келген. Ал каармандардын ички сырын, социалдык маңызын ачып, жекече мүнөз таба билген актёр. Өмүрүндө өтө көп ролдорду аткарган. Кинофильмдерде да эң сонун образдарды түзгөн. Ал 1991-жылга чейин театрда 70ке, кинофильмдерде 50гө жакын ролду аткарган. М.Рыскулов атындагы Республикалык сыйлыктын ээси, ошондой эле медалдар, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
* 24-март - Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун чечимине ылайык белгиленип келет. Айтылуу немис микробиологу Роберт Кох 1882-жылдын 24-март күнү кургак учук дартын тапкан. 

 * 15 жыл мурун, 1999-жылы Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки биринчи эл каттоо жүргүзүлгөн. Калк каттоо жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасында 4 миллион 852 400 адам жашагандыгы белгилүү болгон. Кыргызстан калкынын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзүп, экинчи орунга өзбектер келип, ал эми Совет мезгилинде экинчи орунда турган орустар үчүнчү орунга түшкөн.

Жылнаама толугу менен бул жакта... 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
belosnejka1
2014-03-24 07:57:03
Ошондон бери деле эч онукподук го
0
Murat1985
2014-03-24 09:38:16
Эч озгоруу болбойт пока бизде закон иштеген жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан