Кыргызстанда жыл сайын кургак учук оорусуна кабылып, республиканын аймагындагы ооруканаларга катталгандардын саны 6 миңге чукулдайт. Алардын 1000и жаш балдар жана өспүрүмдөр. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган маалымат жыйынында КРнын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда болжол менен 5710 адам кургак учук оорусуна кабылган. “Кургак учук оорусу былтыркы жылдарга салыштырмалуу төмөндөп жатат. Бирок аталган оорунун туруктуу жана татаал формаларынын өсүшү байкалууда”,- деди Марат Калиев.