Кыргызстанда жөлөк пул берүү үчүн республикалык бюджеттен 1,8 миллиард сом бөлүндү

2014-жылдын март айында Кыргызстанда жөлөк пул берүү үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 83 миллион 249,6 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акчалай компенсациялар, жеңилдиктер жана ритуалдык жөлөк пулдарга 391 миллион 155,9 миң сом бөлүндү. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарга 51 миллион 58,2 миң сом даярдалды. Ал эми жалпы социалдык төлөөнүн суммасы 1 миллиард 525 миллион 463,7 миң сомго барабар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан