Кечээ, 24-мартта Геология жана минералдык ресурстар агенттиги Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан Кара-Кичи, Беш-Белчир жана Балыкты алтын кендерин колдонуу иштерин жүргүзүү боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты.
Жыйынтыгында Кара-Кичи алтын кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча лизенцияны сатып алуу үчүн 3 ишкана арыз жөнөтүп, түркиялык “Эндустриэл электрик электроник санайи ве тижарет” ишканасы 670 миң долларга алды. Бул кен үчүн аукциондун баштапкы баасы 2 миң доллар деп аныкталган болчу. Ошондой эле Балыкты кенин иштетүү укугун ээлөө үчүн 4 ишкана арыз калтырып, жергиликтүү "Шах Тал" ишканасы 18 миң долларга сатып алды. Анын баштапкы баасы 500 долларга бааланган.
Ал эми 4800 доллар баштапкы баадагы Беш-Белчир кенинде иш жүргүзүү боюнча аукцион жетиштүү сандагы катышуучулардын жоктугунан улам өткөн жок.