Кыргызстанда шаар тургундары 1 саатка жарыкты өчүрүп, «Жердин сааты» деген дүйнөлүк акцияга катышышат

29-мартта саат 20:30да Кыргызстандагы шаар тургундары 1 саатка жарыкты өчүрүп, «Жердин сааты» аттуу дүйнөдөгү эң ири массалык экологиялык акцияга катышышат.
"Юнисон" коомдук фондунун маалыматына ылайык, Кыргызстан бул акцияга биринчи жолу катышып жатат. "Акциянын негизи максаты - 1 саатка жарыкты жана электр жабдыктарын өчүрүү менен климаттын өзгөрүү көйгөйү жана адамзаттын энергия менен биригип баратканын стимулдаштырууга аракет жасоо. Кыргызстандан акцияга канча киши катышарын азырынча так айта албайбыз. Анткени дагы деле даярдык иштери жүрүп жатат. Негизинен бул иш-чарага Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарларынын тургундары катышат",- дешет уюштуруучулар.
Белгилей кетсек, "Жердин сааты" акциясы 2007-жылы Сиднейде (Австралия) Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун демилгеси менен старт алган. Бир жылдан кийин эле бул демилгени 100 миллион киши колдоого алган. Ал эми 2013-жылы бул иш-чараны 152 мамлекет колдоп, 7 миң шаар, 2 миллиард киши катышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bosmos7
2014-03-27 11:32:55
Дуйнодо 1 саатка эле очурсо. Кыргызстанга! Бул нерсе абдан жагат. .Дуйно баары бир Кыргызстанга жетпесе керек жарыкты очуруу боюнча.))))))))
+3
nurbek_posol
2014-03-27 11:50:52
Кыргызстанда жер саатын коп эле учурда колдонушат. Нормасынан ашыкча дагы колдонуп жиберишет. Жарык очот, заряд калбайт телефондо.... коломтого отту жагып, суу кайнатып казанга кыскасы ушул сыяктуу коп эле жашоону биз коп эле откоруп жатабыз го...
0
92nuraaly
2014-03-27 14:43:21
Мындай нерсе жумасына болуп туратко Кыргызстанда. 1 саат эмес кээ бир жерлерде 2.3кун жок болуп калат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан