Баткен облусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ага-ини Ниязбековдорго бийлик тарабынан компьютер тапшырылды 

Баткен облусунун бийлик өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, ага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Чолпон Султанбекова да катышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дамира Парпиева билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда болуп жаткан иш-чаралар, жол, суу маселелери жөнүндө маалымат берип, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү Өрүкзар мектебинде билим алган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ага-ини Ниязбековдорго жана облустун мектептерине жалпысынан 12 компьютер жана 10 такта тапшырылды.

Иш-чаранын аягында Алга айылынын тургундары менен жергиликтүү элдин көйгөйлөрү боюнча маселелер талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан