Кыргызстанда үч уюлдук байланыш оператору sim-карталарын келишимсиз сатууда

Кыргызстанда үч уюлдук байланыш оператору sim-карталарын келишимсиз сатууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги кабарлады.   

Маалыматка ылайык, 26-марттан 31-мартка чейин Бишкек шаарында жана түштүк аймагында рейд жүргүзүлгөн. Байланыш агенттигинин кызматкерлери менен милиция кызматкерлери sim-карта сатып алууда келишим толтурулуп, тиешелүү эрежелердин сакталышын текшеришкен.

Рейддин натыйжасында “Альфа Телеком” ЖАКы, “Sky Mobile” ЖЧКсы, “Нур Телеком” ЖЧКсы жана Ош облусунун кардарларды тейлөө борборунда sim-карталарды эч кандай келишимсиз сатып жатканы аныкталган. Байланыш операторлоруна келишимсиз иштөөнү токтотуу боюнча эскертүү берилди.

Эске салсак, 8-марттан тарта sim-картаны уюлдук оператор менен келишим түзүп жана паспорт аркылуу алууга гана мүмкүн экени жарыяланган. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан