Кар көчкүдөн улам Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган унаа жолдун 45-130-чакырымында кар көчкү түшүп, бүгүн жолду убактылуу жапканга туура келди. Жолду тазалоо үчүн атайын техникалар даяр болгону менен, жолдо туман болуп, техника жолду кардан тазалоого азырынча кирише элек.