* Мындан 59 жыл мурун Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун “Тоо арасында” романы жарык көргөн. Чыгармада өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарынын аягында – отузунчу жылдардын башындагы окуялар, тарыхый бурулуш доордогу кыргыз элинин турмушу, адамдардын образдары, тиричилиги жана кулк-мүнөзү, табият көрүнүштөрү чагылдырылган.
* 1969-жылдын бул күнү ырчы Токтобүбү Черикчиева Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жарык дүйнөгө келген. Ал “Жалгыздыктан жадап бүттүм”, “Колукту”, “Сүйгөн жар”, “Сүйгөн жер” аттуу ырларды ийинине жеткире аткарып, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган.
* 1973-жылдын дал ушул күнү Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри болгон. Ошол эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
* Мындан 9 жыл мурун Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев президенттик кызматтан кеткени тууралуу расмий арыз жазган. Ал 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.