Норвегиянын Эрье шаарчасында тамашакөй тургундар тарабынан жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өзгөчө өтмөк ("зебра") пайда болуп, атайын белги орнотулду. "Андан өткөн адамдар башкача басык менен өтүшү шарт" деп бүгүн, 16-апрелде Улуу Британиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, мындай өтмөктү ачууга "Монти Пайтон" комедиялык клубдун оюнчуларынын аткаминерлердин жана саясатчылардын басышын туураганы себеп болгон. Эми тургундар соттон коркпой эле бул өтмөктөн каалаган кумирин туурап басып өтө алышат.
Албетте, айрым аткаминерлер "мындай нерсе айдоочуларды алаксытышы мүмкүн" деп каршы чыгышууда.