* Мындан 85 жыл мурун Фрунзе шаары менен Балыкчы шаарынын ортосунда биринчи автобус каттамы ачылган.
* 1963-жылдын бул күнү ырчы Райхан Абдувалиева жарык дүйнөгө келген. Ал көпчүлүккө “Периштем” аталышындагы ыры менен таанымал.
* 1951-жылдын 21-апрель күнү СССРдин Улуттук Олимпиада комитети түзүлгөн. Жаңы комитеттин төрагалыгына Бүткүл союздук дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Константин Андрианов дайындалган.
* Мындан 54 жыл мурун Бразилиа шаары Бразилия мамлекетинин борбору деп аталган. Бразилиа шаары архитектор Оскар Нимейранын долбооруна ылайык төрт жыл ичинде курулуп, бул күнү өлкөнүн үч бийлик бутагы Рио-де-Жанейродон жаңы борборго көчүрүлүп келген.