Бишкекте электр энергиясы суткасына 3 миллион кВт/саат көп колдонулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашов билдирди. Ал белгилегендей, баш калаага суткасына 13 миллион кВт/саат каралган, бирок 16 миллион кВт/саат керектелип жатат. Вице-мэр жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Ошондой эле буга Төрөбек Имашов көгүлтүр от жетиштүү көлөмдө келип жатканын кошумчалады.