20-апрель күнү 16 жаштагы өспүрүм Калифорния-Гавайи авиакаттамындагы учактын шассисине жабышып 5 саат аралыгында Мауи аралына чейин учуп барган. Качан гана учак жерге конордо ал секирип түшүп, аэропортту аралап жөнөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдү секирип түшүп жаткан жеринен "Hawaiian Airlines" авиакомпаниясынын кызматкерлери көрүп калышкан. Бул тууралуу кабардар болгон Федералдык текшерүү бюросунун кызматкерлери өспүрүмдү суракка алып, медициналык текшерүүдөн өткөрүшкөн.
Суракта ал үйүнөн качып чыккандыгын жана аэропорттун тосмосунан секирип учактын шассисине жабышып алгандыгын айткан. Анын жанында тарактан башка эч кандай буюм болгон эмес.
Ал эми медициналык текшерүүдөн соң анын учуу учурунда көп убакытка эсин жоготкондугу аныкталган. Ошентсе да 12 чакырым бийиктикте учкан өспүрүмдүн абанын жетишсиздигине жана суука туруштук бергенине баары таң калышууда.
Федералдык текшерүү бюросунан маалымдагандай, буга чейин учактын шассисине жабышып учуу 100 жолу катталган. Тилекке каршы, алардын төртөөсү гана жашап кеткен.