Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү: "Сох анклавында барымтадан 14 аял бошотулду"

Баткен облусундагы Сох анклавында 14 аял барымтадан бошотулду, дагы 20 жаран барымтада. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков кыргызстандык маалымат-агенттиктеринин бирине билдирди. Айдаркендеги “Достук” чек ара бөлүмүнө барымтада калган атуулдардын жакындары, туугандары чогулушкан. Губернатордун айтымында, кыргызстандык 15 автоунаа өзбек анклавында кармалып турат. "Учурда калган мыйзамсыз кармалып турган жарандарды бошотуу боюнча Баткен облусунун жетекчилери, чек ара кызматынын өкүлдөрү өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат" деп билдирет Жеңиш Разаков. Окуяга байланыштуу учурда көзөмөлдөө бөлүмү жабылган. Өзбекстандын чек ара кызматкерлери Кадамжай районундагы жолду жаап салгандыктан, айланма жол менен жүрүп жатышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан