Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 28-апрелдеги жыйынында ветеринария тармагындагы көйгөй талкууланып жатат. Депутаттар ветеринардык дарылардын көчөдө сатылып жатканын сындашты. Сайдулла Нышанов: “Айрым дарыларды муздаткычта сактоо кажет. Бирок көчөдө сатып жүрүшөт, ал дарыны малга сайганы менен, натыйжа болбой жатат”,- деди депутат.
Депутат мал доктурлар боюнча жер которуштуруу маселесин көтөрдү. “Аламүдүндөгү мал доктурду Алайга, Алайдагы дарыгерди башка жакка которуу керек”,- деди Нышанов.