Акыркы учурларда түстүү жана кара металлдарды сатып алуучу жайлардан согуштук снаряддар жана гранаталар көп табылып жаткандыгына байланыштуу аталган жайлар текшерүүгө алынат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.
Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коомчулукка эскертет: эгерде жарылуучу затка окшош шектүү буюмдарды таап алсаңыздар, дароо УКМКнын күзөт бөлүмүнө же ИИМге кайрылыңыздар.
Айта кетсек, 29-апрель күнү саат 14:40та Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында түстүү жана кара металлдарды сатып алуучу жайлардын биринен жарылуучу зат табылган. Ал ошол эле күнү УКМК кызматкерлери тарабынан зыянсыздандырылды.