Шаарыбыздын кадырлуу жашоочулары жана коноктору! Сиздерди 1-Май – Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен чын дилден куттуктайм!
Ырас, бул күндү биримдиктин жана эмгек салтанатынын символу катары белгилеп келебиз. Эмгек адамдарды кесипкөйлүккө, ынтымак-ырашкерликке, биримдикке чакырат. Адам эмгек аркылуу келечекке пайдубал түзүп, жаратмандыкка умтулуп, бакубат жашоого бел байлайт. Адамзаттын эмгегисиз бир дагы коомчулукта өнүгүү-өсүү болбой тургандыгы анык. Андыктан күнөстүү Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүгүшү үчүн келечек муундарды эмгекке тарбиялайлы, ой-максаттардын орундалышына талыкпаган ак эмгек менен жетерине үгүттөйлү. Жарандарыбыз өз кесибин мыкты аркалагандыгы менен мамлекетибиз, анын ичинде ордолуу Ош калаабыз ар тараптан гүлдөп-өсүшүнө бекем ишенебиз.
Өзүңүздөргө маалым болгондой, жакында Ош шаарын 2014-2017-жылдары өнүктүрүүнүн программасын бекиттик. Бул программа изденүүнүн, ак эмгектин, кажыбас кайраттын аркасында баарыбыз сүйгөн Ош шаарыбызды эч бир шаарлардан кем эмес көркөм шаарга айлантууга, шаар тургундарынын жашоосун жакшыртууга багытталган.
Көп улут өкүлдөрү байырлаган шаарыбызда ынтымактын, биримдиктин оту өчпөй, достуктун шаарына айлантабыз деген ишеничим бекем.
Кыргызда «ак эмгектин наны таттуу» деген жакшы сөз бар. Ошондуктан ак эмгектен баар таап, чың ден соолукта, бакубат жашоодо өмүр сүрүңүздөр. Майрамыңыздар куттуу болсун!"