Кыргызстандын түштүгүндө үч күнгө электр энергиясына чектөө киргизилет. Бул тууралуу “КРнын улуттук электр тармагы” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, түштүктөгү электр станцияларын куруу иши жүргүзүлүп жатат. Кристалл-Датка-1, 2 линиясын монтаждоо үчүн Таш-Көмүр ГЭСин оңдоо талап кылынат. Ага ылайык, 9-11-январда саат 9:00дөн 17:00гө чейин электр берүү токтотулат.