Депутат Дастан Бекешев КРнын Гимнинин өзгөртүлүшү боюнча ЖКнын төрагасына кат жолдоду

8-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго “Мамлекеттик гимндин өзгөртүлүшү тууралуу” ачык кат жөнөткөнүн депутат Дастан Бекешев өздүк сайтына жарыялады. Катта “мамлекеттик гимдин экинчи куплетин алып салуу бул бир аз эртелик кылды. Бул туурасында бир канча коомдук ишмерлердин, адистердин жана серепчилердин да оюн угушубуз керек болчу. Андыктан комиссия кайрадан бул ишти карап берүүсүн сунуштайм” деп жазылган. Эске сала кетсек, 27-декабрда ЖКнын жыйынында көпчүлүк депутаттардын добушу менен КРнын мамлекеттик гимни бир куплетке кыскартылган. Кыскартууга гимндеги "бейкуттук", "досторуна даяр дилин берүүгө" деген саптар себеп болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан