Тажикстан Баткендеги окуяны кыргыз тарап баштаганын айтууда

Тажикстандык ММКлар Баткенде болгон 7-майдагы окуяны кыргыз тарап баштаганын жарыялашты. Маалымат коңшу өлкөнүн Согдий облустук администрациясындагы булакка шилтеме берүү менен жарыяланды. Алардын версиясы боюнча, чырдын башталышына мас абалындагы кыргыз жарандары себепкер болушту. “Мас болгон кыргызстандык жарандар Ворух-Исфара унаа жолунда тажикстандык жарандын автоунаасын таш бараңга алышкан. Мындан кийин эки тараптан тургундар чогулуп, бири-бирине таш урушкан. Окуяда Исфара (Тажикстан) районунун 7 тургуну оор жаракат алып ооруканага жеткирилди. Бир жаран октон жарадар болду”,- деп билдирет тажикстандык маалымат булактарынын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан