Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасы жабык талкууланышы керектигин айтты. Муну премьер өкмөттүн 12-майдагы жыйынында билдирип, себебин түшүндүрдү. Айтымында, документти келечектеги өнөктөштөр менен макулдашуу үчүн маселени жабык форматта кароо зарыл. Оторбаев жол картасынын долбоору кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуусуз талкууланарын кошумчалады.