Москвадагы гей-активисттер 27-майда «Евровидение-2014» сынагынын жеңүүчүсү Кончита Вурсттун урматына сакалчан аял жана эркектердин маршын өткөрүүнү пландашууда. Мэрияга тийиштүү билдирүү жөнөтүлгөнүн 13-майда орусиялык гейлердин расмий сайты жарыялады.
Белгилүү болгондой, борбордогу гей-активисттер гомосексуалдык мамилеге өз ыктыяры менен түшкөндөргө карата жазаны жокко чыгаргандыктын 21 жылдыгын белгилеген күндө өткөрүүнү айтышууда. Акция Пушкин атындагы аянттан Никита дарбазасына чейин саат 13:00дөн 14:00гө чейин өтөт. Ага 100гө чукул жаран катышуу ниетин билдирген.
Москвадагы ЛГБТ (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) кыймылынын лидери Николай Алексеев: "Евровидение" сынагында австриялык травест-дива Кончита Вурсттун жеңиши Европа үчүн эле эмес, бүткүл Орусия үчүн маанилүү жышаан. Анын образы ЛГБТлардын коомуна болгон мамилени өзгөртүп, өтө белгилүү болуп калды. Телевидение аркылуу добуш берүүдө орусиялык жыйынтык боюнча Кончита бекеринен 3-орунду алган жок. Жыл сайын өтүүчү гей-парадда акциянын катышуучуларынын басымдуу бөлүгү Кончита Вурсттун образында болууну айтышууда",- деп билдирген.