Нарын облусунда “Мезгил жана Куран” деген аталышта көчмө семинар өттү

“Адеп башаты” коомдук-прогрессивдүү фонду Кыргызстандын ар бир облусунда уюштуруп жаткан “Мезгил жана Куран” аттуу көчмө семинар 17-май күнү Нарын шаарында өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган диний иш-чара аялдар үчүн Нарын райондук маданият үйүндө, ал эми эркектер үчүн Нарын шаарынын борбордук “Азирети Али” мечитинде уюштурулду.

Аталган семинарда коомубуздагы Курандын орду, мусулмандардын жашоосундагы зарылчылыгы, анын кереметтери, шыпаа аяттары тууралуу жана башка кызыктуу баяндар айтылды. Ал эми семинардын аягында угуучулар Куран тууралуу суроолорго жооп ала алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан