Түштүк кореялык инвестор айыл чарба министрине малдын ичеги-карындарынан косметика менен самын чыгаруу тууралуу оюн айтты

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Түштүк Корея мамлекетинен келген инвестор, UBPOINT CO. LTD. компаниясынын башчысы Лонг Гук Ан мырза менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Лонг Гук Ан мырза Кыргызстанга күнөскананын жакшы технология менен иштей турган түрүн алып келгенин айтты жана минералдык жер семитркичтерди чыгаруучу завод жана союлган малдын ичеги-карындарынан косметика менен самын чыгара турган завод иштетсек деген оюн айтты. “Түштүк Кореядан күнөскана тармагын өнүктүрүү боюнча эки жылдан бери көп инвесторлор келип, алгылыктуу иштеп жатышат. Ошондой эле кореялык дагы бир инвестор органикалык минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу кичине завод салып бүтүп, бүгүнкү күндө 100 тоннага жакын өндүрүш чыгарды. Булардын өндүрүштөрү биздин дыйкан-фермерлерибизге сатылып жатат”,- деди министр.  

Министр кошумчалагандай, эгерде айтылган күнөскана менен заводдор салынып калса, ал мекемелер пилоттук болушу керек. Ал жерден дыйкандар окуп, тажрыйба алып чыгышы керек. “Эгерде ушундай шартта иштешсек, сиздерге жардам берүүгө даярбыз”,- деди ал кореялык инвесторго. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан