2012-жылы Бишкек шаардык Санитардык-экологиялык инспекциясы 6278 мекемеде текшерүү жүргүздү

Бишкек шаардык Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан 2012-жылы чарбалык мекемелерге жалпы 6278 текшерүү жүргүзүлгөн. Аталган мекемелердин ичинен 4973 мекемеге жетишсиз иштери үчүн эскертүү берилген. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Мекемелер тарабынан мыйзам бузуу иштери боюнча 1897 протокол түзүлсө, 860 материал каралып, жалпы 363,37 миң сом айып салынган. 2012-жылдын декабрь айында атайын рейд учурунда тиешелүү аймактагы кар жана муз тазалоо иштери аткарылбагандыктан, мекемелерге 412 административдик эскертүү берилгенин билдирет мэрия.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан