23-24-майда түнкүсүн Кемин, Талас өрөөндөрүндө, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге жана жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле бүгүн күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү ыктымал. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.