Бүгүн, 23-майда Ош шаарында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны өттү. Анда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Ош шаардык кеңешинин “Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаты Шайлообек Атазов Ош шаарындагы газ маселеси качан чечилерин сурады. Өмүрбек Текебаев “Газдын жоктугу - саясат. Бирок бул нерсе журналисттердин катышуусундагы жайда айтылбашы керек” деп айтып, журналисттерди залдан чыгарууну суранды.
Текебаев Украинадагы кырдаалды мисал келтирүү менен Орусия жана Кытайдын бийлиги биригип Сирия мамлекетин колдоорун айтты. Алардын да бирден-бир маселеси газ экенин кошумчалады депутат.