"Кыргызстанда каза болгон адамдардын саны боюнча жүрөк-кан тамыр оорусунан көз жумгандар биринчи орунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, акыркы 20 жыл ичинде өлкө боюнча жүрөк-кан тамыр ооруларынан 30-39 жашында каза болгондордун саны 40,5 пайызды түздү. Бул көрсөткүч аталган оорунун жаштарда көбөйүү коркунучу бар экененин билдирет дейт министрлик. Ал эми бул оору менен 40-59 жашта көз жумган адамдардын саны 18,1 пайызды түзсө, Кыргызстанда бул дарттан жылына 18 миң, күнүнө 50 адам каза болот.